Эрдоган Бельгиянын королу Филиппке көңүл айтты

Түркия Бельгиянын кайгы-муңун тең бөлүшөт

456516
Эрдоган Бельгиянын королу Филиппке көңүл айтты

Президент Режеп Тайып Эрдоган Бельгиянын королу Филипп менен телефон аркылуу байланышып, Брюсселдеги террордук кол салууга байланыштуу көңүл айтты.

Түркиянын президенти телефон сүйлөшүүсүндө кол салууну катуу айыптаганын сөз кылып, каза болгондор үчүн король Филипптин жеке өзүнө жана бүтүндөй Бельгия калкына көңүл айтып, жаралуулардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Эрдоган Анкара жана Стамбулдагы террордук кол салууларды эске салып, бельгиялыктардын кайгысын тең бөлүшкөнүн айтты.

Түркиянын Бельгия менен тилектештик ичинде экенине көңүл бурган Эрдоган, терроризмге каршы биргелешкен күрөштүн маанилүү экенине токтолду.

Бельгиянын королу Филипп да бул мамилесинен улам президент Эрдоганга ыраазычылык билдирди.

Түркиянын президенти Бельгиядагы террордук кол салууга социалдык медиа аркылуу бөлүшкөн түркчө, англисче жана французча билдирүүлөрү менен да каршылык көрсөттү.

«Брюсселдеги мыкаачылык кол салууну айыптайбыз жана наалат айтабыз» деген Эрдоган: «Ар башка террордук уюмдардын кол салууларына дуушар болгон калкыбыз, Бельгия калкынын кайгы-муңун тең бөлүшөт»,- деди.


Этикеткалар: #Бельгиянын , #террордук

Тектеш кабарлар