Койнуңарда жылан багып жатасыңар

Эрдоган Бельгиянын мамилесине каршылык көрсөттү

453352
Койнуңарда жылан багып жатасыңар

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, террордук уюм ПККнын Европа Кеңешинин имаратынын жанында чатыр тигишине уруксат берген Бельгияга катуу каршылык көрсөтүп: «Силер койнуңарда жылан багып жатасыңар»,-деди.

Чанаккале жеңишинин 101 жылдыгынан улам уюштурулган аземде сөз сүйлөгөн президент Эрдоган, Бельяга менен катар батыштык өлкөлөрдү терроризм темасында чынчыл болбошун сындады.

«Террористтик уюмдарга уруксат бергендер мина талааларында бийлеп жатышат»,- деген Түркиянын президенти, бул минаны качан басып алаары белгилүү болбосо да мунун акыры боло турган иш экени боюнча эскертти.

Эч кимдин алдында алданып кала турчу түрк мамлекети же улуту жок экенин айткан Эрдоган: «Силер койнуңарда жылан багып жатасыңар. Ал жылан силерди да чагып алышы мүмкүн. Өз өлкөңүз бутага алынганда уруксат берилбей турчу иштерге Түркияга каршы болгондо колдоо көрсөтүүдөн баш тарткыла»,-деди.

Эрдоган терроризмге каршы чынчыл жана таза ниеттүү болбогондор, террорго багынгандар экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар