Анкарадагы жарылууну чет элдиктер да айыпташууда

Кечээ Анкаранын борборунда болгон террордук кол салууну чет элдиктер айыптап жатышат.

450448
Анкарадагы жарылууну чет элдиктер да айыпташууда

Англиянын Анкарадагы элчиси Ричард Мур кол салууда жакындарынан ажырагандарга кайрат айтты.

АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жон Кирби, Анкарадагы кол салууну айыптады жана террор менен күрөшүүдөгү кызматташуну дагы бир жолу кайталады.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини жана Европа Биримдиги Комиссиясынын кеңейүү боюнча жооптуу мүчөсү Еханнес Хан биргеликте жарыялаган билдирүүсүндө: «Глобалдык террор коркунучу менен күрөшүү үчүн эл аралык кызматташтыкты ылдамдатышыбыз керек»,-деп айтты.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг да террор менен күрөшүүдө кызматташтык билдирүүсүн айтты.

Франция, Испания, Италия жана Грециядан да террордук кол салууларга байланыштуу айыптоо билдирүүсүн айтты.

Косованын премьер-министри Иса Мустафа, премьер-министр Ахмет Давутоглуна көңүл айтуу жана колдоосун билдирди.

Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдүлазиз, президент Эрдоганга жиберген маалыматында кол салууларды катуу айыптап, кабыл алынгыс болгонун белгиледи.

Пакистан, Катар, Кувейт жана Иордания да Анкарадагы террордук кол салууларды айыптаган өлкөлөрдүн арасында орун алды.



Тектеш кабарлар