Премьер-министр Ахмет Давутоглу Брюсселде...

Түркиянын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлчүлүгү алгач ирет ЕБнин кезектешкен жетекчиси жана премьер-министрлердин катышуусундагы жолугушууга кожоюндук кылды.

445780
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Брюсселде...

Түркия-Европа Биримдиги саммитине катышуу үчүн кечээ кечинде Брюсселге барган премьер-министр Ахмет Давутоглу, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана ЕБнин кезектешкен жетекчилигин жүргүзгөн Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте менен жолукту.

Түркиянын Европа Биримдиги багытындагы туруктуу өкүлчүлүгүндө, Давутоглу, Меркель жана Рютте бетме-бет жолугушуу өткөрүштү. Үч лидер андан соң делегациялар аралык жолугушууга жетекчилик кылышты.

Түркиянын Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлчүлүгү алгач ирет ЕБнин кезектешкен жетекчиси жана премьер-министрлердин катышуусундагы жолугушууга кожоюндук кылды.

Басма сөзгө жабык өткөн жолугушуулар 5 саат 45 мүнөткө созулду.

Премьер-министрликтин маалымат борборунан алынган маалыматка ылайык, бүгүн боло турган Түркия-ЕБ саммитинин алдында баш калкалоочулардын тартипсиз көчүүлөрү баш болгон Сириядагы абалдар, Түркиянын ЕБне толук мүчөлүк сүйлөшүү процесси жана аймактык темалар кеңири каралып чыкты.



Тектеш кабарлар