Премьер - министр Ахмет Давутоглунун Иран сапары

Премьер – министр Давутоглун Иран президентинин биринчи орун басары Исхак Жихангири расмий түрдө тосуп алды.

445036
Премьер - министр Ахмет Давутоглунун Иран сапары


Иранга расмий сапар менен барган Давутоглу үчүн Садабад сарайында расмий салтанат өткөрүлдү. Эки өлкөнүн улуттук гимндери аткарылгандан кийин премьер – министр Давутоглу салтанат катышкандарга салам берди.

Тосуп алуу салтанатына экономика министри Мустафа Элиташ, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Берат Албайрак, бажы жана соода министри Бүлент Түфенкжи, өнүгүү министри Жевдет Йылмаз, транспорт, деңизчилик жана кабарлашуу министри Бинали Йылдырым, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын баш катчысы Абдулхамит Гүл менен Адилеттик жана өнүгүү партиясынын фракция жетекчиси Бүлент Туран да катышты.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевдат Зариф менен Ирандын нефть министри Бижен Зенгене да салтанатка катышты.

Премьер – министр Ахмет Давутоглу Иран менен карым – катнаштарда ар башка көз караштар болсо да аймактагы кагылышуулардын соңуна чыгуусу үчүн биргелешкен перспективдин өнүктүрүлүшүнүн чоң мааниси бар экенин айтты.

Давутоглу президенттин биринчи орун басары Исхак Жихангири менен өткөргөн пресс жыйында : «Иран менен эки тараптуу карым – катнаштардагы чоң потенциалга баа бере турган болсок, аймагыбызда азыркы учурда сөз болгон ыраатсыздыктарды, террор коркутууларын жана бир тууган чыр – чатагына да бөгөт болуу үчүн бир жерге токтолуубуз жеңил болот»,- деди.

Давутоглу сөзүндө : «Кээ бир темаларда ар башка көз караштар болушу мүмкүн, бирок тарыхыбызды жана аймагыбызды өзгөртө албайбыз. Тул тарых, эзелтен бери келген коңшулук тарыхы. Аймагыбыз да бири бирин толуктап турган аймак жана керек болсо жекеме – жеке жолугушууларыбызда, керек болсо делегациялар аралык жолугушууларда бул жаңы мезгилге кандай форма берерибиз тууралуу маанилүү кадамдарды таштадык»,- деди.



Тектеш кабарлар