Түркия Хожалы кыргынын айыптады

Азербайжандын Жогорку Карабах аймагында Хожалы шаарына жасалган кол салууда өлтүрүлгөндөр эскерилди

439948
Түркия Хожалы кыргынын айыптады

Тышкы иштер министрлиги Хожалы кыргынынын 24 - жылында жарыялаган билдирүүсүндө кыргынды жана аймакта улантылып жаткан басып алуучулукту айыптады. Тышкы иштер министрлиги маалыматында 1992 - жылы 26 - февралда Азербайжандын Жогорку Карабах аймагында Хожалы шаарына жасалган кол салууда өлтүрүлгөндөр эскерилди.

Маалыматта : «Түркия катары азербайжандык бир туугандарыбыздын мындан 24 жыл мурда Хожалыда беттешкен канкорлорчо кол салуу жана кыргынды ар дайым жүрөгүбүздүн тереңинде сезип жана бөлүшөбүз»,- деп билдирилди.

Маалыматта : «Армения аскерлери жасаган бул кыргынды жана Азербайжан жерлеринин көптөгөн жылдардан бери улантылып келе жаткан баскынын катуу айыптайбыз»,- деп айтылды. Армения аскерлери 1992 - жылы 26 - февралда Азербайжандын Жогорку Карабах аймагындагы Хожалы шаарына кол салып, 106 аял, 63 бала жана 70 киши кары – картаң болуу менен жалпы 613 Азербайжан жараны өлтүрүлгөн. Кол салууда 76сы бала болгон 487 киши жараланып, 1275 киши да туткунга алынган. Ал күндөн бери жоголгон 150 кишинин тагдыры азыр да белгисиз.



Тектеш кабарлар