Анкара кол салуусу жаңы бир бузукучулукту ортого чыгарды

Эл аралык коом төрт жылдан бери Сирия калкын коргоодогу көрсөткөн ийгиликсиздик 21 - кылымдын эң кандуу согушуна жана эң жаман адамзаттык кризиске жол ачты

436358
Анкара кол салуусу жаңы бир бузукучулукту ортого чыгарды
Эл аралык коом төрт жылдан бери Сирия калкын коргоодогу көрсөткөн ийгиликсиздик 21 - кылымдын эң кандуу согушуна жана эң жаман адамзаттык кризиске жол ачты.ДЕАШка каршы күрөш деген ат менен террордук топторду колдогондор ансыз да барган сайын начарлап бара жаткан абалга салымын кошууда.

Анкарада 17 - февралда болгон террордук кол салуу 28 кишинин жанын алды жана 60тан ашуун кишинин да жаралануусуна себеп болду. Түркия 1980 - жылдардан бери ПКК жана ушуга окшогон террордук уюмдар менен согушканы үчүн мындай кол салуулар жат көрүнүш эмес. Бирок 17 - февралдагы кол салуу көптөгөн жактан каралганда бир алгачкы эле жана ПКК менен анын Сириядагы уландысы болгон Демократиялык Биримдик партиясы ПЙД менен куралдуу бөлүгү Элдик коргонуу бөлүктөрүнө (ЙПГ) каршы согушта бул кол салуунун кенен жыйынтыгы болот. Айрыкча Анкаранын Сирия согушуна байланыштуу позициясына да таасир берет.

Азыркы учурда бул кол салуунун ЙПГ тарабынан жасалганы билинүүдө. Жан кечтилик кол салуучу Салих Нажар Түркияга 2014 - жылы ПЙДнин текшерүүсү астындагы Хасеке – Камышлы аймагынан кирген. Айрыкча бул кол салуу ПККны да ичине алган кол чатыр уюм болгон Күрдистан Коомдор Биримдиги КЖКнын мартабалуу башкаруучуларынын, уюмга каршы түрк шаарлары Жизре, Силопи, Сур жана Нусайбинде жүргүзүлгөн коопсуздук операцияларга жооп катары Түркиянын чоң шаарларында ПККнын жан кечтилик кол салууларын аткарып же аткарбашы тууралуу көптөгөн жумалардан бери жүргүзүлүп жаткан талаш – тартыштан кийин келди.

ПКК өткөн акыркы эки айдын ичинде 1000ге жакын мүчөсүн жоготуп, уюмдун ичинде ушундай жан кечтилик кол салууларды аткарууга чакырды. Ушул эле уюмдун ичинде башка бир топ болсо бул пикирге каршы чыгып, жан кечтилик кол салуунун ПККны ДЕАШка окшогон уюмдун катарына кошорун жана жаман реклама болорун жактады. Биринчи белгиленген көз караш ПКК ичиндеги талаш – тартышта жеңүүчү болгондой көрүнөт. Айрыкча Анкарадагы кол салуучунун туулган жери Сириянын Амуде шаарында ПЙД жана ЙПГ террористтеринин Түркияга каршы согуш жарыялаган көптөгөн билдирүүсүн да унутпообуз керек. Кол салуулардан бир жума мурда 10 - февралда жарыяланган бир видеодо уюм муну айткан : «Биз Амуде калкы катары мындан кийин бар болгон бардык каражатты колдонуу менен калкыбыздын укуктарын коргойбуз - (the Asayish, YPG, YPJ Аялдардын коргоо биримдиги жана HPJ Аялдардын коргонуу күчтөрү)». Түркияда иштерин жүргүзгөн ПКК үчүн колдоо беришерин белгилеп буларды айтышууда : «Батыш жана Түндүк Күрдистанда жашаган калктарыбыз менен бирдикте президент Р. Т. Эрдоганды өз канында муунтабыз».

Бардык бул маалыматтар боюнча КЖКнын мартабалуу башкаруучусу Мурат Карайылан Анкарадагы бомбалуу кол салуунун Түркиядагы ПККга жана Сириянын Азез аймагынын жакындарындагы ЙПГ позицияларына карата жүргүзүлгөн коопсуздук операцияларга каршы жооп кайтаруу болушу мүмкүн экенин айтты. Сирия демократиялык күчтөрүнүн негизги бөлүгү ЙПГ согушчандарынан турат жана кол салууда жоопкерчиликти алган жок, далилдер кол салуунун артында ЙПГнин бар экенин көрсөтүүдө. Азыркы учурда бул кол салуу менен өздөрүнө алып келген жаман рекламадан коргоого аракет кылышууда. Бул кол салуу Түркиянын жана Түркия менен Сирияда террорго каршы күрөштө багытын алмаштырган чоң өзгөрүүлөргө жол ачат. Мамлекеттин жетекчилери азыртадан Түркия бере турган жоопто чечкиндүү экенин жана террористтер каалса Түркияда, кааласа Сирияда же Түндүк Ирактагы Кандил тоосунда болсо да артынан барыларына байланыштуу ант беришти. Ошол эле учурда ЙПГ Сириядагы согушту өз пайдасына айландырууга аракет кылууну улантууда. ДЕАШка каршы согуш деген аттын астында ошол эле учурда АКШ менен Орусия Сирия лидери Башар Асад режими үчүн кардар уюм сыяктуу мамиле кылууда. Орусиянын абадан берген жардамы жана АКШнын колдоосу менен ЙПГ, Сириянын оппозициячыл топтору тарабынан көзөмөлгө алынган аймактарга карата алдыга жылат жана ошол эле учурда АКШ тарабынан жардам берилген топтор. Асад режими болсо муну ачыкча айтууда: режим Сириянын түндүгүндөгү ЙПГге курал жана ок – дары бергендиктен Халептин түндүгүн режимдин пайдасы үчүн көзөмөлгө алсын. http://aa.com.tr/en/politics/syria-government-declares-support-for-pyd/522426.)

Бул маалыматтардын жардамы менен Түркия АКШнын ЙПГге берген колдоосуна дайыма каршы чыкты. 2015 - жылдын 24 - ноябрында орус аскердик учагынын атып түшүрүлүүсүнөн кийин Түркияга каршы бардык нерсени жана баарын колдонууну каалаган орустардын ЙПГни эмне үчүн колдошкондорун түшүнгүүгө болот, бирок кээ бирлери түрк калкынын арасында бул саясаттын сырларын териштире башташты. Ошондуктан ДЕАШка каршы жүргүзүлгөн стратегия белгисиздик толгон бир табышмак менен бетме – бет келип турат: ЙПГ, ДЕАШка каршы согушкан башка оппозициячыл топторго кол салып, ДЕАШ мурунтадан ээ болгон күчтүү жана операциялык абалын сактап жана Асад режими күн өткөн сайын дагы да күчтөнүүдө. Ошол эле учурда Орусия дипломатия жүргүзүп жаткандай көрүнүштү берүүнү улантып, орус реактивдери Сирия кыштактары менен шаарларын бомбалоону улантууда. Орусия өткөн декабрь айынан бери бардык ок атууну токтотуу келишимдерин бузду жана ал түгүл абадан кол салууларын Мюнхен декларациясынан кийин да улантты. Ушул кезге чейин 2 миңден ашуун жаран орус абадан кол салууларында каза болду. Бул абал Сириядагы ДЕАШтан кийинки ыктымалдуу мезгилге байланыштуу бул негизги суроону ортого чыгарууда. ДЕАШ жеңиле турган болсо бул азыркы учурдагы ДЕАШка кол салуу стратегиясы менен жана Асад режими жасаган согуштук кылмыштарга уруксат берүү менен пайда табуусу мүмкүн эместей көрүнүүдө. Сириядагы согуш бүтпөйт, себеби Орусия менен Ирандан жардам алган Асад режими Сирия калкына каршы согушууну улантат жана бул да дагы көп кандын агуусу, дагы көп согуштук кылмыш жана дагы көп качкын демек.

Эл аралык коомдун акыркы төрт жылда Сирия калкын коргоодо көрсөткөн ийгиликсиздик 21 - кылымдын эң кандуу согушуна жана эң жаман адамзаттык кризиске жол ачты. ДЕАШка каршы күрөш деген аттын астында террордук топторду колдогондор ансыз да барган сайын начарлап бара жаткан абалга салымын кошууда.



Тектеш кабарлар