ЙПГ чегинбесе, бул жердин таш талканын чыгарабыз

«ЙПГ Азезге жакындай албайт, бул жердин алынышына уруксат бербейбиз» деген сөздөрдү айткан Давутоглу, согуш үгүттөөсүн кылгандарды да катуу сынга алды.

432892
ЙПГ чегинбесе, бул жердин таш талканын чыгарабыз

Премьер-министр Ахмет Давутоглу Миннак аэропортунун Түркия же жөнөкөй оппозицияга каршы колдонулушуна уруксат берилбей турганын белгилеп, «ЙПГ чегинбесе, бул жердин таш талканын чыгарабыз»,-деди.

Дүйнө жүзү Сирия чек арасында болуп жаткандарга үңүлсө премьер-министр Давутоглу, Украинага бара жатканда учакта абалга сереп салды.

«ЙПГ Азезге жакындай албайт, бул жердин алынышына уруксат бербейбиз» деген сөздөрдү айткан Давутоглу, согуш үгүттөөсүн кылгандарды да катуу сынга алды.

Түркиянын коопсуздук чарасын көрүү темасында тайсалдоосу болбой турганын айткан премьер-министр Давутоглу, «Түркиянын мамилеси Сириядагы тынчтык процессине салым кошо турган мамиле болуп саналат»,-деди.

Орусиянын Сирияда Чеченстанда ишке ашырган тактиканы колдонгонун сөз кылган өкмөт башчы Давутоглу, «Азез жана чөйрөсүндө бир дагы ДЕАШ мүчөсү жок»- деп айтты.

«Орусия билип туруп эле «3-Дүйнөлүк согуш башталат?» деген түшүнүктү күн тартипте кармоого аракет кылууда»,деген Давутоглу: «Эч кимдин согуш лоббисин түзүшү туура болбойт, булар спекуляция»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар