Баш калкалоочу кризиси дүйнөлүк маселе

Түркия ачык каалга саясатын улантат

431963
Баш калкалоочу кризиси дүйнөлүк маселе

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу баш калкалоочу кризиси дүйнөлүк маселе экенин жана муну чечүү үчүн дагы да жакын кызматташуу керектигин айтты.

Мюнхенде CNNдин кабарчысы Кристиан Аманпур жетектеген дискуссияда сөз сүйлөгөн Чавушоглу НАТОнун Эгей деңизиндеги салымын оң деп мүнөздөп, бул темада Түркиянын Германия жана Греция менен кызматташа турганын билдирди.

Түркиянын деңизде куткарылган баш калкалоочуларды да кабыл алганын айткан тышкы иштер министр, Түркиянын орто эсеп менен 2 жырым миллион сириялык жана 200 миң ирактык менен катар акыркы күндөрдө дагы 10 миң кишини кабыл алганын баяндады.

Сириялыктардын Түркияда жумуш менен камсыздала турганын эске салган Чавушоглу: «Түркия ачык каалга саясатын улантат»,-деди.

Муну менен бирге дагы 2-3 миллион баш калкалоочуну кабыл алуу кыйын болоорун сөз кылып, орус учактарынын кол салуулары Түркияга көч агымын күчөткөнүнө көңүлдөрдү бурду.

Чавушоглу баш калкалоочу маселесин чечүү үчүн Европа Биримдигинин жүктү бөлүшүүсү керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар