Учурда Мевлананын сезимтал таразасына бүтүндөй адамзаттык муктаж

Эрдоган Коньяда «Азирети Мевлананын 742-Вуслат жылдыгы» программасына катышты.

364666
Учурда Мевлананын сезимтал таразасына бүтүндөй адамзаттык муктаж

Президент Режеп Таййип Эрдоган ДЕАШ, Боко-Харам, Эш-Шебаб, Аль-Каиде сыяктуу уюмдардын Исламга жана мусулмандарга тийгизген зыяндары тарых бою исламга каршы согушкан душмандардын зыянынан ашып түшкөнүн айтты.
Эрдоган Конья мэриясынын спорт залы жана конгресс борборунда уюштурулган «Азирети Мевлананын 742-Вуслат (Аллага кайтуу) жылдыгы» программасына катышты.
Эрдоган бул жердеги сөзүндө «Ислам дүйнөсүнө каршы турган уюмдардын, Мевлана өкүлдүк кылган эң маанилүү баалуулуктарыбыздан бири болгон сүйүү маданиятыбыздын душмандары болгонун көрүүдөбүз»-деди.
Террор уюмдарынын Исламга таандык символдорду колдонуусу алардын Исламдын эң чоң душмандары экендиги чындыгын өзгөртпөгөнүн баса белгилеген Эрдоган, адилеттик менен зулумдуктун ортосундагы айырманы терек менен тикенекти сугаруу сыяктуу жакындан көргөн Мевлананын ошол сезимтал таразасына учурда бүтүндөй адамзаттыктын абдан муктаж болгонун сөз кылды.
«Миң жылдан бери бул жерлердин мекенибиз катары калышын, өлүмдү той түнү катары көргөн мына ушул аң-сезимге карыздарбыз»-деп айткан президент Эрдоган: «Учурда да өлкөбүз, улутубуз туш болгон кыйынчылыктар менен ошондой эле ишеним менен күрөшүүдөбүз. Укук жана акыйкаттык жолунда күрөшүп, ушул багытта азап, муң тартуу, керек болсо шейит болуу, ардагер болуу биз үчүн сыймыктануунун эң эле туу чокусу, эң улуусу болуп саналат»-деди.
Президент Эрдоган: «Биздин бир улут, бир желек, бир мекен, бир мамлекет деп баса белгилешибизге бир тараптан Мевлана, Юнус Эмре, Хажы Байрам экинчи тараптан Султан Алпарстлан, Осман Гази, Фатих, Кануни, Гази Мустафа Кемал илхам берүүдө»-деп кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар