Президенттик башкаруу системасы референдумга коюлушу керек

Президент Эрдоган Түркмөнстан сапарынан кайтып келе жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

362333
Президенттик башкаруу системасы референдумга коюлушу керек

ТР Президенти Режеп Таййип Эрдоган жаңы конституция жана президенттик башкаруу системасынын референдумга алып барылышын жактаганын айтты.
Эрдоган Түркмөнстан сапарынан кайтып келе жатканда журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Президенттик системасынын керектүүлүгүнө токтолгон Эрдоган, «Президенттик, жарым президенттик же партиялуу президенттик системаларында сериалуу түрдө чечим чыгаруу жеңил болот. Экинчиси кош баштуулукту жоюу абдан маанилүү»-деди.
Президент Эрдогандан Орусия менен болгон чыңалуу да суралды.
Түркиянын чыңалууну каалабаганын кайталаган президент Эрдоган: «Орусия менен стратегиялык өнөктөштүк сүйлөшүүлөрүбүздү ошондой эле түрдө улантууну каалайбыз. Биздин аткарышыбыз керек болгон нерсе, чыңалууга бөгөт коюп дипломатиялык жолдор менен бул жагдайдан ашып өтүү»-деди.
Президент Эрдоган эскертүүлөргө баш ийбеген же эскертүүлөргө кулак салбаган бир учкучтун жаңылыштыгынын себебинен келип чыккан жагдайдын эки өлкөнүн стратегиялык карым-катнаштарын бузуусуна жол берилбеши керектигин баса белгиледи.
Эрдоганга параллель мамлекеттик түзүлүш тууралуу да суроо суралды.
Параллель мамлекеттик түзүлүшкө байланыштуу иштерди жакындан байкагандарын баса белгилеген Эрдоган, «Анкара жүргүзгөн акыркы изилдөөлөрдө 75 кишинин камакка алынуусу керек эле, булардан 55и чет өлкөгө качып кетишти. Бул бир чындыкты көрсөтүп турат. Өзүнө ишенген бирөө ансыз деле качмак эмес»-деди.
Президент Эрдоган Ирактагы нөөмөт алмашуудан кийинки абалдарга да токтолуп, «Тышкы иштер министрлигинин кеңешчилери жана Улуттук чалгындоо кызматынын кеңешчилери ал жактагы сүйлөшүүлөрүнөн абдан оң жоопторду алышты. Ал эми ушул оң жооптор турса дагы андан кийин БУУнун коопсуздук кеңешинин каалгасын ачуу ойго салат. Коопсуздук кеңешинен бул жаңылыш мамилеге тийиштүү жооп берилет. Анткени Түркиянын ал жердеги позициясы эч бир өлкөнүкүнө окшобойт, биз дайыма коркунуч астындабыз. Биз ДЕАШ жана башка террордук уюмдардын коркунучу астындабыз»,-деп кошумчалады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар