Түркия Европанын куш бейиши

Ушул кезге чейин 478 куштун түрү аныкталды

405057
Түркия Европанын куш бейиши

Европа менен Азия континенттеринин арасында жайгашкан Түркия бул өзгөчөлүгү менен көптөгөн тармакта ээ болгон мүмкүнчүлүктөр менен бирге куштардын түрү жактан да абдан бай.
Ыгдырдын Тузлужа районуна караштуу Ашагы Жыйрыклы айылындагы Арас дарыясынын куш бейишин алкакка алуу иштерине катышкан АКШдагы Юта университетинин биология бөлүмүнүн мугалими Чаган Шекержиоглу берген маалыматында, Түркия географиялык абалы менен башта куштар болуп жапайы турмуш үчүн эң негизги коридор милдетин аткарганын айтты.
Европа жана Азиянын ортосунда маданий жана соода тармактарында континенттер арасында көпүрө кызматын аткарган Түркиянын көп сандаган куш түрү көчүп келе турган жерлердин арасында экенин белгилеген Шекержиоглу буларды айтты : «Куштар жылуу жактарга көчүп жатканда Европа, Азия, Сибирь, Жакынкы Чыгыш жана Кавказдардан келген миллиондогон куш биздин өлкөбүз аркылуу жылуу өлкөлөргө барышууда. Түркия куштардын түрдүүлүгү жактан Европанын эң негизги өлкөсү. Ушул кезге чейин 478 куштун түрү аныкталды. Жыл сайын жаңы түрлөр инвентарга кошулууда. Биздин күтүүбүз алдыбыздагы 10 жылдын ичинде өлкөбүздө аныкталган куш түрүнүн саны 500дөн ашат».


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар