Эрдоган Катарда
Эрдоган Жогорку стратегиялык комитеттин биринчи жыйналышы жана кол коюу аземине катышат.
Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен кечээ Катардын борбор шаары Дохага барды.
Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Ал Тани президент Эрдоган үчүн бүгүн расмий тосуп алуу салтанатын уюштурат.
Эрдоган Катардын эмири менен 2014-жылы 19-декабрда Анкарада кол койгон "Түркия Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы Жогорку стратегиялык комитет түзүлүүсүнө байланыштуу меморандумдун" алкагында түзүлгөн Жогорку стратегиялык комитеттин биринчи жыйналышы жана кол коюу аземине катышат.
Эмир Ал Тани менен өз алдынча жолугушуу өткөрө турган Эрдоган, анын урматына Эмир бере турган расмий сый тамактан кийин "Юнус Эмре" атындагы маданият борборунун ачылышын жасайт.
Эрдоган, Катар университети тарабынан өзүнө бериле турган "Ардактуу докторлук" наамын тапшыруу аземине катышкандан кийин, Доха эл аралык китеп жарманкесинин ачылыш аземине да катышат.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.