Президент Р. Т. Эрдоган - Обама сүйлөшүүсү

Парижге барган Эрдоган АКШнын президенти Барак Обама менен жолугушту

396782
Президент Р. Т. Эрдоган - Обама сүйлөшүүсү

Президент Р. Т. Эрдоган Орусия менен болуп жаткан кризистин чечилишинде дипломатияны жакташкандарын айтты. БУУнун 21 - Климаттык алмашуу боюнча саммитке катышуу үчүн Франциянын борбор шаары Парижге барган Эрдоган АКШнын президенти Барак Обама менен жолугушту.
Бир сааттык жолугушуудан кийин маалымат берген президент Эрдоган Обама менен жолугушуусунун негизги темасынын ДЕАШ террордук уюмга каршы аймактагы күрөш экенин баса белгиледи. Жолугушууда чек араны бузган Орусия аскердик учагынын түрк Ф – 16лар тарабынан атып түшүрүлүүсүнөн кийин чыккан кризистин каралганын баса белгилеген Эрдоган : «Аймактагы араздашуулар бизди да санаага салууда. Бул эки тарапка тең тескери таасирин тийгизет, биздин каалообуз аймактын тынчтыгына салым кошуу»,- деди. Сириядагы башкаруунун абалы жолугушууда каралган маселе экенин белгилеген Эрдоган : «Өзгөчө Вена процесси катары аты аталган иштердин ийгиликтү натыйжага жеткирилүүсүнө ишенем жана аймак тынчтанат»,- деди. Президент Эрдоган жолугушууда Байырбужак түркмөндөрүнүн абалын да карап чыгышкандарын айтып: «Байырбужак түркмөндөрү жашаган аймак, ДЕАШ орун алган аймак эмес, тескерисинче биздин тектештер, туугандарыбыз жашаган аймак. Бул жердин бомбалануусу жана акыркы 3 айдын ичинде бул жерде 500дөн ашуун киши, жарандын өлтүрүлүүсү чындыгында дүйнө тынчтыгы үчүн санааркатуучу абал»,- деди.
Орусия учагынын атып түшүрүлүүсү тууралуу «Түркиянын өзүн коргоо укугун колдойбуз»,- деген Обама да : «Түркия биз үчүн маанилүү НАТО союздашы. Түркия менен Орусиянын орус аскердик учагынын атып түшүрүлүүсүнөн кийин бирдикте кандай иш алып барыларын сүйлөштүк. Араздашуулардын азайтылуусун, маселени дипломатиялык жолдор менен чечүүнүн жолдорун сүйлөштүк. ДЕАШты жок кылууну каалайбыз»,- деди.
Президент Эрдоган саммиттин биринчи күнү Франциянын президенти Франсуа Олланд менен жолугушту. Эрдоган Франциянын президенти менен өткөргөн жолугушууда эки өлкөнүн карым – катнаштары менен аймактык темаларды карап чыгышкандарын айтты. Эрдоган жолугушуу тууралуу : «Азыркы учурда аймактагы жикчил террордук уюмга, ДЕАШ террордук уюмуна карата коалиция күчтөрү менен эмнелерди аткаруудабыз, эмнелерди аткара алабыз буларды да сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүбүз болду»,- деди. Президент Эрдоган андан кийин Украинанын президенти Петр Порошенко менен Германиянын премьер – министри Ангела Меркель менен да жолугушуп эки тараптуу жана аймактык темалар менен бирге террор менен күрөшүү темаларын да карап чыгышты. Сүйлөшүүдө Эрдоганды тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да коштоду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар