Эрдоган Парижде маалымат жыйын өткөрдү

Эрдоган Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин террор уюму ДЕАШтан мунай зат алганы жөнүндөгү айтымдарына катуу каршылык көрсөттү.

396362
Эрдоган Парижде маалымат жыйын өткөрдү

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин террор уюму ДЕАШтан мунай зат алганы жөнүндөгү айтымдарына катуу каршылык көрсөттү.
Президент Эрдоган айтымдар далилденген учурунда, «Мен бул кызматта турбаймын, а бирок Путинден сен ошол кызматта тура бересинби?-деп сураймын»-деди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун Климат өзгөрүүсү боюнча тараптар конференциясынын (COP21) жыйынына катышуу үчүн барган Парижде журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Түркия мунайзат соодасын кылган өлкөлөр белгилүү экенин билдирген Эрдоган, «Мыйзамдык жолдор менен кайдан мунай зат алабыз, кайдан жаратылыш газ алабыз, булардын баардыгы белгилүү. Террор уюму менен мындай түрдөгү сооданы кыла турганчалык ишенимсиз эмеспиз. Муну да ар ким билип коюшу зарыл»-деди.
Президент Эрдоган Сирия чек арасына Түркиянын аба мейкиндигин бузган учактын түшүрүлүшүнөн кийин Орусиядан келген ачыктоолорго да мындай жооп айтты: «Бир аз сабырдуу бололу. Биз сезимтал мамиле жасабайлы. Булардын бардыгын көрөлү. Этектерде канча таш бар болсо бардыгы түшүрүлсүн, андан кийин бизде да бириккен таш бар болсо, аны да таштайлы».
Орусия менен диалог эрежелеринин ачылышына байланыштуу президент Эрдоган, «Мамлекеттер, улуттар арасында ушундай узун убакытка байланыш үзүлүшү туура болбойт. Мүмкүн болушунча б.а. бир үзгүлтүк бар болсо ошону бириктирип, аны коргоо керек. Биз муну коргогонго аракет кылуудабыз, учурда. Орусия муну кандай улантат, аны биле албайт экем. Биз да албетте абалга жараша акыркы чечимди чыгарабыз»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар