Эрдоган Парижде Путин менен жолугабы?

Эрдоган БУУнун Климат конференциясына катышуу үчүн Франциянын борбор шаары Парижге барды.

357109
Эрдоган Парижде Путин менен жолугабы?

Президент Режеп Таййип Эрдоган Бириккен Улуттар Уюмунун 21-Климат конференциясына катышуу үчүн Франциянын борбор шаары Парижге барды.
Эрдоган эртең менен барган Парижде эң оболу Франциянын президенти Француа Олланддын лидерлердин урматына берген тамагына катышты.
Саммитте сөз сүйлөй турган президент Эрдоган, көп сандаган лидерлер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Германиянын канцлери Ангела Меркель да арасында болгон лидерлер менен бүгүн жолугуша турган Эрдоган эртең да АКШнын президенти Барак Обама менен жолугушат.
Президент, Орусиянын президенти Владимир Путинге болсо жолугушуу сунушу айтылганын, андан жооп күтүлүп жатканын айтты.
Владимир Путиндин катчысы Дмитрий Песков болсо; «Путин Францияда боло турган Бириккен Улуттар Уюмунун Климат конференциясында түрк кесиптеши Режеп Таййип Эрдоган менен жолугуша албайт» деген маалымат берди.
«Анадолу» агенттигинин маалыматына караганда Орусиянын президентинин түрк тарабы менен кандайдыр бир сүйлөшүүсүнүн, өзгөчө телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн болуп же болбой турганы түрүндөгү бир суроого, Песков: «Программабызда кандайдыр бир сүйлөшүү жок»-деп жооп берди.
Климат конференциясына катышкан 147 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары 2020-жылдан бери бүткүл дүйнөдө жарактуу боло турган план келишими боюнча макулдашылат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар