Түркия ЕБ менен кызматташууга даяр

ЕБ Консейинин төрагасы Дональд Туск Ахмет Давутоглун жыйынга чакырды.

368347
Түркия ЕБ менен кызматташууга даяр

Түркия менен Европа Биримдигинин ортосундагы баш калкалоочу кризиси боюнча жыйын өткөрүүүнүн күнү белгиленди.
ЕБ Консейинин төрагасы Дональд Туск кечки сааттарда өкмөт башчы Давутоглуна телефон аркылуу байланышып 29-ноябрда Брюсселде боло турган саммитке чакырды.
Өкмөт башчы Давутоглу ЕБ менен карым-катнаштар бардык жагынан карала турган жыйынга ыраазычылык менен катыша турганын билдирди.
Өкмөт башчы Түркиянын европалык шериктештери менен бардык тармакта кызматташуу жана бирге аракет кылууга, ЕБне мүчөлүккө карай сүйлөшүү процессинде чогуу иштөөгө даяр болгонун да сөз кылды.
Европа Биримдигинин лидерлери 12-ноябрда Мальтада болгон баш калкалоочу кризиси темалуу жыйналышта Түркия менен кызматташуусун арттырууга жана кыймыл планын тез арада аткарууга чечим чыгарды.
Ушул багытта Түркия-Европа Биримдиги саммити өткөрүлүшү пландалган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар