Президент 64-Өкмөттү түзүү милдетин Ахмет Давутоглуна берди
Давутоглунун бүгүн жаңы кабинетти жарыялашы күтүлүүдө.
Президент Режеп Таййип Эрдоган 64-Өкмөттү түзүү милдетин АК партиянын жетекчиси жана Конья эл өкүлү Ахмет Давутоглуна тапшырды.
Президент Эрдоган Түркия Улуу Улуттук Парламентиндеги ант берүү аземинен кийин Президенттик комплексте премьер-министр Ахмет Давутоглун кабыл алды.
Жолугушуудан кийин Эрдоган Давутоглуна өкмөттү куроо милдетин тапшырды.
Давутоглунун өкмөттү куроо милдетин алышынан кийин жаңы түзүлө турган кабинеттин мүчөлөрүн Эрдогандын бекитүүсүнө сунушу үчүн 45 күндүк мөөнөт бар.
Ал эми Давутоглунун бүгүн жаңы кабинетти жарыялашы күтүлүүдө.
Президент Эрдогандын өкмөттү бекитишинен кийин Министрлер кеңешинин программасы окулат.
Программанын окулушунан толук 2 күн өткөн соң сүйлөшүүлөргө өтүлөт, сүйлөшүүлөр бүткөндөн толук бир күн өткөндөн кийин ишеним добушу берилет.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719015453)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.