Эрдоган-Путин жолугушуусу

Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйналышынын 15-декабрда Орусияда өткөрүлүшү темасында макулдашылды.

417498
Эрдоган-Путин жолугушуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия кезектешкен төрагалык жүргүзгөн Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин алкагындагы эки тараптуу жолугушууларын улантууда. Эрдоган кечээ кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.

Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммити уюштурулган Регнум отелдеги жабык эшик артында өткөн жолугушуу 1 саатка созулду. Жолугушууда түрк тарабынан тышкы иштер министри Феридун Синирлиоглу, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Али Рыза Алабоюн менен улуттук чалгындоо мекемесинин төрагасы Хакан Фидан, орус тараптан болсо тышкы иштер министри Сергей Лавров катышты.

Эрдоган менен Путин жолугушууда Түркия жана Орусиянын Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйналышынын 15-декабрда Орусияда өткөрүлүшү темасында макулдашты.

Массалык маалымат каражаттары видео жана сүрөткө тарткан учурда президент Эрдогандын, "Меркель менен болгон жолугушууңуз кандай өттү?"-деген суроосуна Путин, англис тилинде "Good, very good" -деп жылмайды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар