Эрдоган-Обама жолугушуусу

Президент Эрдоган Чоң жыйырмалык саммити үчүн Антальяга келген Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обама менен жолукту.

366257
Эрдоган-Обама жолугушуусу

Президент Режеп Таййип Эрдоган дүйнөдөгү эл аралык терроризмге карай мамилеге Чоң жыйырмалык саммитинде абдан так, кескин сөздөр айтыла турганын билдирди.
Президент Эрдоган Чоң жыйырмалык саммити үчүн Антальяга келген Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Барак Обама менен жолукту.
Жолугушууга Түркиянын тышкы иштер министри Феридун Синирлиоглу жана АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен катар, Түркиянын каржы министри Мехмет Шимшек, Улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Хакан Фидан, АК партиянын эл өкүлдөрү Берат Албайрак менен Бинали Йылдырым да катышты.
Жолугушуудан кийин камераларга кайрылган эки лидер биргелеше маалымат беришти.
Президент Эрдоган Париждеги кол салууну катуу айыптагандарын белгилеп, Чоң жыйырмалык саммитин мурда белгиленген темалардын астында уланта тургандарын айтты.
Эрдоган: «Ал эми дүйнөдөгү эл аралык терроризмге карай мамилебиз, Чоң жыйырмалык саммитинен абдан так жана кесе айтылган сөздөр менен жооп таба турганына ишенемин»-деди.
Обама Сирияда ДЕАШ менен күрөшүүнү жана коалициялык күчтөр жаатында мындан кийин таштала турган кадамдарды талкуулагандарын белгилеп, «Стратегиялык өнөктөштөр катары мындан кийинки процессте да колдошуубузду дүйнөлүк тынчтыкка салым кошуу үчүн чечкиндүүлүк менен улантабыз»-деп айтты.
Бириккен терроризмге туш болгондорун сөз кылган Эрдоган: «Террордун дини, расасы, мекени болбойт жана Парижде да кудум эле Анкарада, Газиантепте, Суручта, Диярбакырда болгону сыяктуу уюшулган террорго туш болдук»-деп айтты.
Барак Обама да Анкарадагы кол салууда болгону сыяктуу Францияда карапайым элдерди бутага алган кол салуулардын, бүткүл адамзаттыкты бутага алганын айтты.
Карапайым эл менен колдошууда болгондорун, кылмышкерлердин сот алдына чыгарлышы үчүн колдорунан келгенин жасоого даяр экендиктерин белгилеген Обама, Түркиянын Сирия жана Иракта ДЕАШ коркунучу менен согушууда маанилүү коалициялык өнөктөш болгонун белгиледи.
Баш калкалоочу кризисин да карагандарын сөз кылган Обама, Түркиядагы 2 миллиондон ашуун баш калкалоочунун оор жүк болгонун, бул кризиске жардам темасында башка өлкөлөрдүн эмнелерди кыла ала турганына токтолгондорун белгилеп өттү.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар