Терроризмге каршы биргелешип күрөшүүнүн убагы келди

Президент Эрдоган Франциядагы террордук актыларды айыптады жана Францияга көңүл айтты.

416866
Терроризмге каршы биргелешип күрөшүүнүн убагы келди

Президент Режеп Таййип Эрдоган Париждеги кол салууларга байланыштуу эл аралык коомчулуктун терроризмге каршы күрөшүүдө мунасага келүүсү керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.
Президент Эрдоган Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммити үчүн даярдалган басма сөз борборунда, Франциянын борбор шаары Парижде болгон куралдуу жана бомбалуу кол салууларга байланыштуу ачыктоо жасады.
Эрдоган, «Париждеги бул актылар терроризм темасында көптөн бери сөз кылган сезимталдыгыбыздын канчалык туура болгонун кайгылуу түрдө көрсөттү. Эл аралык коомчулук катары терроризмге каршы мунасага келиши керектигин бардыгыбыз чогуу көрдүк. Эми терроризм менен күрөшүү темасында сөз аяктаган жерде экенибизди эске салгым келет»-деди.
Түркиянын террор маселеси менен 30 жылдан ашуун убакыттан бери күрөшүп келе жатканын баса белгилеген Эрдоган: «Террорду өз ойлору жана айтымдарынын ары жагында өзүнчө бир коркунуч катары баа бермейинче бул маселени жеңип чыга албай турганыбыз белгилүү»-деди.
Президент Эрдоган Түркия катары терроризм темасындагы принциптүү мамиленин мындан ары да улана турганын баса белгилеп, «Анкарадагы, Суручтагы, Газиантептеги, Диярбакырдагы, Шырнактагы өлкөмдүн адамдары буларды абдан жакшы билет, ошондо эмне ойлогон болсок Париждеги террордук актылар боюнча да ошондой эле ойлонгонубузду, сезгенибизди билип коюңуздар»-деп айтты.
Президент Эрдоган социалдык бөлүшүү барагы Твиттер аркылуу түркчө жана французча жазуу менен Париждеги террордук кол салууларды айыптаганын билдирди.Президент Эрдоган твиттердеги расмий эсебинде, «Францияда болгон террордук кол салууларды катуу айыптаймын. Кесиптешим урматтуу Олланддын жана француз калкынын кайраттуу болушун тилеймин»-деп жазды. Французчасы да бөлүшүлгөн билдирүүгө Франциянын президенти Франсуа Олланддын да расмий твиттер адреси кошулду.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар