10 - Ноябрь Ататүрктү эскерүү

Биринчи болуп Ататүрктүн мазолейинде салтанат өткөрүлдү

414426
10 -  Ноябрь Ататүрктү эскерүү

Президент Р. Т. Эрдоган жана коштоосундагы делегация эрте менен мавзолейди зыярт кылып гүл чамбар койду.
Андан кийин саат тогуздан беш минута өткөндө Түркияда бирдей учурда 2 минуталык эскерүү болду.
Эркиндик гимни аткарылгандан кийин президент Р. Т. Эрдоган Мисак - ы Милли мунарасына барып мавзолейдин атайын дептерине кол койду.
Эрдоган мавзолейдин атайын дептерине буларды жазды: «Азиз Ататүрк боштондук согушубуздун командири жана республикабыздын куруучусу катары өлүмүңүздүн 77 - жылында дагы бир жолу урмат – сый менен эскеребиз. Республикабыздын жарыяланышынын 92 - жылын артта калтырган бул мезгилде бизге айткан жогорку цивилизация деңгээлине чыгуу максатынын негизинде болгон күчүбүз менен иштеп жатабыз. 2023- жылы максаттарга жетип осуятыңызды орундаткан болобуз. Ушул себеп менен сизге жана аскердик жолдошторуңуз менен бирдикте бардык шейиттерибизди урмат - сый менен эскеребиз. Түркия республикасы өнүкөн өлкө болот. Сиз тынч жатыңыз».
Бул жылкы Ататүрктү эскерүү салтанаттарынын борбору Анкара соода кабинети АТОнун конгресс борбору...
Иш чара Ататүрк маданият, тил жана тарых жогорку мекемеси тарабынан өткөрүлдү. Президент Р. Т. Эрдоган жана премьер – министр Ахмет Давутоглу катыша турган иш чарада вице – премьер Тугрул Түркеш да орун алат. Борбор шаарда айрыкча эрте мененки сааттарда Ататүрктү эскерүү чуркоосу өткөрүлүүдө. Узун аралыкка чуркоо Ататүрк маданий борборунун ипподром аянтында төрт башка жаш категорияда өткөрүлүүдө. Тогуздан беш минута өткөндө өлкөнүн бардык жеринде эки минуталык эскерүү болуп, көчөлөрдө сигналдар жаңырды.
Зыяратчылар Долмабахче сарайында Ататүрк каза болгон бөлмөдө жана саатта өткөрүлгөн эскерүү аземинде таазим кылышты.
Түркия Улуу Улуттук Парламентинин спикеринин орун басары Шафак Павей да катышкан аземде саат тогуздан беш минута өткөндө 3 замбирек огу атылды. Ататүрктү эскерүүнү каалаган көп сандаган киши эрте мененки сааттардан баштап Долмабахче сарайына барышты.
Зыяратчылар 1938 - жылы 10 - ноябрь күнү каза болгон бөлмөгө алынды. Ататүрктүн төшөгүнө гвоздика таштаган зыяратчылардын арасында чет элдик туристтер да көңүлдөрдү бурду.
10 - ноябрдан улам Таксимдеги Республика эстелигинин алдында да салтанат өткөрүлдү. Бул жерде да саат тогуздан беш минута өткөндө эки минуталык эскерүү менен бирге унаалар да токтоду.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар