Президенттик башкаруу системасы боюнча талкуулар
Бинали Йылдырым президенттин эл тарабынан шайланышы менен президенттик башкаруунун иш жүзүндө аткарыла баштаганын белгиледи.
Мурдагы транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри, Измир эл өкүлү Бинали Йылдырым, президенттин эл тарабынан шайланышы менен президенттик башкаруунун иш жүзүндө аткарыла баштаганын белгиледи.
Президенттик башкаруу системасынын коомчулукта бардык жагынан талкууланып чыгышы керектигин айткан Бинали Йылдырым, партиясынын Эрзинжан облус башчылыгы тарабынан Кавакйолунда уюштурган жыйналышында сөз сүйлөдү.
Бинали Йылдырым Түркиянын дагы ылдам чечим чыгарышы, дагы ырааттуу, дагы күчтүү башкарууларга ээ болушу үчүн системаны өзгөртүүгө муктаждык болгонун баса белгиледи.
Түркияда президенттин эл тарабынан шайлана баштаганына жана толук түрдө парламенттик система болбой калганына токтолгон Йылдырым, «Суроолор, жаман ойлор, эмне бар болсо бардыгы сүйлөшүлөт, талкууланат жана акырында Түркия үчүн туура чечим кайсы болсо ошол тандалат»-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.