Шайлоочу күчтүү бийлик, ырааттуу өлкөнү тандады

Ялчын Акдоган жеке менчик бир телеканалда күн тартипке байланыштуу баа берүүсүн жасады.

362609
Шайлоочу күчтүү бийлик, ырааттуу өлкөнү тандады

Вице-премьер Ялчын Акдоган чечүүчү жол процессинин улантыла алышы үчүн алгач процессти ууландырган элементтердин тазаланышы керектигин айтты.
Акдоган учурда өкмөттүн коопсуздук операцияларына көңүл бурганын, бир эле убакта реформалардын жана инвестициялардын уланганын белгиледи.
Ялчын Акдоган жеке менчик бир телеканалда күн тартипке байланыштуу баа берүүсүн жасады.
Чечүүчү жол процессинин кайра жандануусу үчүн белгилүү шарттардын түзүлүшү керектигин белгилеген Акдоган, мунун биринчи шартынын болсо террор уюму ПККнын Түркияны таштап кетүүсү экенин баса белгиледи. Акдоган: « Толук түшүнүктөгү акция кылбоо...андан кийин калган маселелерди сүйлөшөбүз»-деди.
Ялчын Акдоган 1-ноябрдагы шайлоолорго байланыштуу суроого жооп иретинде шайлоочунун ырааттуу бир өлкө үчүн күчтүү бийликти тандаганын айтты. Ялчын Акдоган шайлоочунун коалицияны каалаганы боюнча тезистин кулаганын, ырааттуулук үчүн күчтүү бийликти тандаганын баса белгиледи.
Оппозициядагы партиялардын 7-июндагы шайлоолордон кийин коалиция сүйлөшүүлөрүндөгү мамилесине токтолгон Акдоган: «Бийликке ортоктош болуу мүмкүнчүлүгүн түртүп салгандар, поездди өткөрүп жиберишти»-деди.
Оппозициядан АК партияга «Баш аламандык чөйрөсүн жаратышты, өлүмдү көрсөтүп малярияга ыраазы кылышты» деген мамиле кылып жатканы эске салынганы боюнча вице-премьер Акдоган: «Булар абдан пас сереп салуулар. Мындан мурда «ырааттуулук АК партияны жеңишке алып барды» деп жатышса, кийин ошол эле кишилер «ыраатсыздык АК партияны жеңишке жеткирди» деп жатышкан, эми болсо «кагылышуу АК партияны жеңишке алып барды» деп жатышат. Биринчи чечим чыгаргыла АК партияга ырааттуулукпу же ыраатсыздык жарайбы? Бийликтеги партиялар үчүн ырааттуулук ар дайым жеңиш болуп эсептелет»,деген серебин салды.
Ялчын Акдоган Партиянын башкы борборунун алдында да журналисттерге жооп берип: «Шайлоочу менен эмпатия курушу керек болгон жалгыз партия АК партия эмес. Бардык партиялар жыйынтыктардан сабак алышы керек»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар