Түркияда кышкы убакытка 8-ноябрда өтүлөт

Дүйнөдө бүгүн баштала турган кышкы саат убакытына Түркияда 1-ноябрда боло турган шайлоодон улам эки жума кийин өтүлөт.

358359
Түркияда кышкы убакытка 8-ноябрда өтүлөт

Дүйнөдө бүгүн баштала турган кышкы саат убакытына Түркияда 1-ноябрда боло турган шайлоодон улам эки жума кийинкиге жылдырылып, 8-ноябрда өтүлөт.
Кышкы убакытка өтүүнү кийинкиге жылдыруу тууралуу түзөтүү энергетика жана жарытылыш ресурстары министри Али Рыза Алабоюндун кол коюсу менен Премьер – министрликке жиберилген.
Министрлер кеңешинин чечими менен жайкы убакытка өтүүнүн негизинде күн нурунан дагы көп пайдалануу жана электр энергиясын үнөмдөө үчүн саат, 29 - март күнү саат 3:00төн баштап 1 саат алдыга жылдырылган. Ушуга ылайык 25 - октябрда жайкы убакыттын соңуна чыгуусу менен сааттар 4:00төн баштап 1 саат артка жылдырылуусу керек эле.
Жаңы түзөтүүнүн негизинде бул жылы жайкы убакыт Түркияда 1 - ноябрда боло турган шайлоодон кийин 8-ноябрда аяктайт жана бул күнү сааттын жебеси 4:00төн 3:00кө жылдырылат.

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар