Президент Эрдоган

Р. Т. Эрдоган Түркиянын 10 экономиканын арасына кирүүнү максат кылганын айтты

357847
Президент Эрдоган

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын террордук окуяларга карабастан өсүүнү улантканын белгилеп, экономиканын 2023 - жылы эң чоң 10 экономиканын арасына кирүүнү максат кылганын айтты.
Өнөр жайчылар жана ишкерлер коомунун Стамбулдагы жалпы кеңешинде сөз сүйлөгөн президент : «Түркия 2003 – 2004 - жылдардын арасында орточо 5 пайыздык өсүү көрсөткөн. Бул өсүүнүн 2008 - жылдан баштап дүйнөдө абдан олуттуу финансылык кризис болуп жаткан мезгилде ишке ашканын эскертким келет. Бул жылы болгон жалпы шайлоого, күчөгөн террор окуяларына, 1 - ноябрда кайра боло турган шайлоого карабастан 2015 – жылдын биринчи чейрегинде 2, 3 жана экинчи чейрегинде 3, 8 пайыздык өсүү картнаштары менен бул абалдын улантылганын көрүүдөбүз»,- деди.
Президент таштаган кадамдары менен дүйнөдө жаңы бир чыйырды пайда кылууга аракет кылышкандарын билдирип, Түркиянын дүйнөгө кошкон салымын башка түрдө өнүктүрөрүнө ишенгенин белгиледи.
Түркиянын өз жарандары менен бирге жыл сайын өлкө тышынан келген 400 миң кишиге да сапаттуу саламаттык сактоо боюнча кызмат кылган өлкө болгонун айткан Эрдоган 2003 - жылдан бери 279 суу сактагыч, 144 туннель,679 миң турак жайдын курулганын да сөздөрүнө кошту.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар