Эрдоган жарылуу болгон жерлерде иликтөөлөрдү жүргүздү
Кол салуудан каза болгондордун элесине гвоздика гүлдөрү коюлду.
Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий иш сапары үчүн Түркияга келген Финляндиянын президенти Саули Нийнистё менен чогуу Анкарадагы поезд станциясында болгон кол салуудан каза болгондордун элесине гвоздика гүлдөрүн коюшту.
Эртең мененки убактарда Анкара поезд станциясына барган президент, жубайы Эмине Эрдоган менен бирге конок финляндиялык кесиптешин тосуп алды.
Эки президент террордук кол салууда курман болгондордун элесине, жарылуу болгон жерлерге гвоздика гүлүн коюшту.
Эки жерде тең таазим кылган Эрдоган үчүн кеңири коопсуздук чаралары көрүлдү.
Кол салуу болгон аянтта иликтөөлөрдү жүргүзгөн Эрдоган, бул жердеги кыска эскерүүдөн кийин конок президентти узатты.
Эрдогандан кийин ички иштер министри Селами Алтынок да ал жерге барып гвоздика гүлүн коюп кетти.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719008678)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.