ПЙД дагы (PYD) ПКК сыяктуу террор уюму

Бул туурасында президент Эрдоган Брюсселдеги маалымат жыйыныда айтты.

350472
ПЙД дагы (PYD) ПКК сыяктуу террор уюму

Президент Режеп Таййип Эрдоган ПЙДнын (PYD) ПКК сыяктуу террор уюму болгонун айтты.
Расмий сапар менен Бельгиянын борбор калаасы Брюсселге барган Эрдоган, Европа Парламентинин төрагасы Мартин Шульц, Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Донльд Туск жана Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкер менен жолукту.
Президент Эрдоган жана ЕБ Кеңешинин төрагасы Дональд Туск эки тараптуу жолугушуудан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү.
Маалымат жыйында сөз алган Эрдоган, Туск менен Түркия жана бүтүндөй аймак үчүн орчундуу мааниси болгон террор темасын карап чыккандарын белгилеп, биргелешип күрөшүүнүн эч тайсалдабастан улантылышы керектигин жана Түркиянын бул темада чечкиндүүлүгүн сөз кылды.
Эрдоган: «Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр ПКК террор уюмун, террор уюму катары кабыл алса дагы, айрым өлкөлөрдүн ишке ашырууга келгенде муну көз жаздымда калтырышы бизди капага салууда. Бул уюмдун Сирияда ДЕАШ менен күрөшүү темасы астында мыйзамдуулук алуу аракетине мүмкүнчүлүк берилбеши керек. ПЙД да ПКК сыяктуу террор уюму жана алар чогуу кыймыл кылышууда. Бул жагынан алганда жакшы террорист же жаман террорист деген нерсе болбойт»-деди.
Туск менен болгон жолугушууда баш калкалоочулар маселесинин да каралганын белгилеген Эрдоган, Түркиянын бул тармакта жасаган каржылоосунун 7,8 миллиард долларга жакындаганын белгиледи.
Баш калкалоочу кризисинин себепчисинин Сириядагы согуш жана мамлекеттик террорду кылып жаткан Асад режими болгонун айткан Эрдоган, бул маселени чечүү үчүн «Машыктыр-жабды», «Террордон тазаланган аймак» жана «Учууга тыюу салынган аймак жарыяланышы» сыяктуу үч маанилүү кадамдын ташталышы керектигин айтты.
Аймактык маселелер күчөгөн убакка туура келген сапардын өзгөчө мааниси болгонун белгилеген Эрдоган: «ЕБ менен диалог кеңешүүлөрүбүздүн тереңдешин каалайбыз. ЕБ менен ушул жагынан алганда талапкер өлкө катары кеңири пикир алмашуу жана аймак үчүн биргелешкен саясаттарды өнүктүрүү эки жактын тең пайдасына чечилет. Европанын тагдырын жана келечегин Түркиядан бөлүп кароо мүмкүн эмес»-деп айтты.

Террор уюмдары жөнүндө маалымат алуу үчүн муну басыңыз!

 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар