Баш калкалоочулар үчүн 6 лагер курулат

Баш калкалоочулар маселеси боюнча 4 беренелик макулдашуу түзүлдү.

388354
Баш калкалоочулар үчүн 6 лагер курулат

Түркия түштүк чек ара аймагында 2 миллион кишилик 6 чатыр шаарча курууга даярданууда.
Президент Эрдоган расмий иш сапары менен барган Бельгиянын борбору Брюсселде Европа комиссиясынын төрагасы Жан Клод Юнкер, Европа кеңешинин төрагасы Доналд Туск жана Европа Парламентинин төргасы Мартин Шульц менен жолугушту.
Тараптардын ортосунда баш калкалоочу маселеси боюнча 4 беренелик макулдашуу түзүлдү.
Буга ылайык Сириядан келген баш калкалоочулар үчүн Түркия чек арасына 2 миллион кишилик 6 лагердин курулуусуна чечим чыгарылды. Лагерлердин каражаттарын камсыздоо үчүн Европа Биримдиги менен орток фонд түзүлөт.
Андан кийин Анкара башкаруучулугу Греция менен Болгария аркылуу өткөн качкындардын жолун жабат.
Баш калкалоочулардын эң маанилүү жана коркунучтуу өтүү багыты болгон Эгей деңизинде коопсуздук көзөмөлдөрү күчөтүлүп, түрк жана грек жээк коопсуздугун сактоочу топтордун биргелешкен иш-чаралары Европа Биримдигинин чек ара агенттиги Frontex тарабынан координацияланат.
Макулдашуунун акыркы беренесине караганда Түркиянын баш калкалоочу жүгүнүн азайлышы үчүн 500 миң баш калкалоочу Европа өлкөлөрү тарабынан бөлүшүлөт.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар