Президент Р. Т. Эрдоган майрамды Стамбулда өткөрүүдө

Эрдоган Хубер сарайында Катар шейхи Темим Бин Ел Сани менен жолугушту

392026
Президент Р. Т. Эрдоган майрамды Стамбулда өткөрүүдө

Президент Эрдоган майрамдын экинчи күнүн кабыл алуу менен баштады. Эрдоган Хубер сарайында Катар шейхи Темим Бин Ел Сани менен иш алып баруу тамагында жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу карым – катнаштар менен бирге аймактык жана эл аралык маселелерге байланыштуу пикир алышууларда болушту. Эки лидер Израилдин Иерусалим жана Месжид -и Аксаны бутага алган эреже бузууларга каршы эл аралык коомду аракетке өткөрүүгө карата аракеттерин күчтөндүрүүсү керектигин баса белгиледи.
Жолугушууда Израилдин Газага карата блокадасынын жана еврей отурукташуу жерлерин кеңейтүү иштеринин санааркатуучу экени да билдирилди. Эки лидер сөзү болгон темаларда мыйзамдуулук пайдубалынын сакталуусунун, эл аралык колдоо жана Израиль аркылуу кысымдардын күчтөндүрүлүшү жактан маанилүү экенине басым жасады.
Сирия жана Йемендеги абалдар да күн тартибинде болгон темалар арасында орун алды. Президент Эрдоган жума намазын Фатих мечитинде окуду. Эрдоган ишкер Ибрахим Жевахир менен бир убактар адвокаты болгон Мүнжи Инжинин жаназа зыйнатына да катышты.
Жаназа зыйнатынан кийин Стамбул мэрдигине барган президент Эрдоган бул жерде Македониянын президенти менен жолугушту.



Этикеткалар:

Тектеш кабарлар