"Садакаташы" коому Шри Ланкада
6 миң кишиге эт таркатылды
«Садакаташы» коому Шри Ланканын Топур аймагында 6 миң кишиге курмандык этин таркатты. Стамбулдан чыккан 3 кишилик «Садакаташы» коомунун тобу 26 саатка созулган жолчулуктан кийин Шри Ланкага барды.
Топ өлкөнүн борбор шаары Коломбого караштуу мусулмандар көп болуп жашаган Топур кыштагында 2 башка аймакта курмандык чалды. Аймактагы жергиликтүү жетекчилер менен бирге иш чаранын негизинде коом майрамдын биринчи күнү курмандыктардын эттерин 6 миң кишиге таркатты.
«Садаткаташы» коомунун башкаруу кеңешинин мүчөсү Мустафа Аслан берген маалыматында майрамдын биринчи күнү Топур кыштагында жашаган мусулмандарды кубантууга аракет кылышкандарын айтты. Аслан : «Коомубуз бир топ өлкөдө курмандык чалып жатат. Биз да бул жылы мусулмандар көп болуп жашаган Шри Ланканын Топур аймагында эки башка жерде чалынган курмандык эттерин 6 миң кишиге жеткирдик»,- деди.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.