Давутоглу АКШга барат
Давутоглун АКШ сапарында жолугушуулар күтүүдө
Премьер – министр Ахмет Давутоглу БУУнун Жалпы Кеңешинин 70 - мезгилдик жыйындары үчүн бүгүн Нью – Йоркко барат. Ошол эле учурда жыйындарга чоң жыйырмалардын кезектешкен төрагасы сыпаты менен катыша турган премьер – министр Давутоглун АКШ сапарында жолугушуулар күтүүдө.
Давутоглу программасын ТУРКЕН фондунун жума күнү өткөрө турган жыйыны менен баштайт.
26 - сентябрда Германиянын премьер – министр Ангела Меркель менен жолугуша турган премьер – министр Өнүгүү саммитиндеги 6 жыйындын бирөөсүнө жетекчилик кылат. Бельгиянын премьер – министри менен жекеме – жеке сүйлөшө турган Давутоглу Нью – Йорктогу түрк жарандары менен майрамдашкандан кийин 28 - сентябрь күнү Грузиянын премьер – министри менен биргелеше пресс – жыйын өткөрөт. Давутоглу Европа Биримдиги кеңешинин төрагасы Жан-Клод Юнкер жана Швециянын премьер – министри Стефан Лөвфен менен да жекеме – жеке жолугушат.
Ахмет Давутоглу атайын чакырылган жана Обаманын үй ээлигинде өткөрүлө турган террор менен күрөшүү саммитине да катышат.
30 - сентябрда БУУнун Жалпы Кеңешине кайрылуусу күтүлгөн премьер – министрдин акыркы жолугушуусу АКШлык инвесторлор менен өтөт. Премьер – министр Ахмет Давутоглу Палестина байрагынын БУУда көтөрүлө турган аземге Палестинанын лидери Махмут Аббас менен бирдикте катышат.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719157716)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.