Давутоглу АКШга барат
Давутоглунун АКШга сапарында тыгыз сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү күтүлүүдө.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйындары үчүн 24-сентябрда Нью-Йоркко барат.
Жыйындарга Чоң жыйырмалыктын кезектешкен төрагасы сыпаты менен да катыша турган премьер-министр Давутоглунун АКШга сапарында тыгыз сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү күтүлүүдө.
Давутоглу программасын TURKEN фондунун жума күнкү жыйындарына катышып баштайт.
26-сентябрда Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугуша турган өкмөт башчы, Өнүгүү саммитиндеги 6 жыйындан бирөөнө жетекчилик кылат.
Бельгиянын премьер-министри менен өз алдынча сүйлөшүү өткөрө турган Давутоглу, Нью-Йорктогу түрк жарандарын курман айт майрамынан улам куттуктагандан кийин 28-сентябрда Грузиянын өкмөт башчысы менен биргелешкен маалымат жыйын өткөрөт.
Давутоглу Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер жана Швециянын премьер-министр Стефан Лёвен менен да өз алдынча жолугушмакчы.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу атайын чакырылган жана Обаманын жетекчилигинде өтө турган Терроризмге каршы күрөшүү саммитине да катышат.
Өкмөт башчы Палестинанын желеги желбирей турган БУУдагы аземге болсо Палестинанын лидери Махмуд Аббас менен чогуу катышат.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719136924)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.