Премьер-министрдин «кантон» тууралуу жарыясы

А.Давутоглу: «Бул жер Сирия эмес, ар ким андай өз оюнча кантон жарыя кыла албайт».

344135
Премьер-министрдин «кантон» тууралуу жарыясы

Премьер-министр Ахмет Давутоглу жалган автономия жарыяларына байланыштуу, «Бул жер Сирия эмес, ар ким андай өз оюнча кантон жарыя кыла албайт»-деди.
Давутоглу бир телепрограммага катышып күн тартипке байланыштуу талкуу жүргүздү.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу жалган автономия жарыяларына байланыштуу, «Бул жер Сирия эмес, ар ким андай өз оюнча кантон жарыя кыла албайт. Демократиялык укук мамлекетинде башкаруу системасынын эмне экени, кандай башкарылганы белгилүү»-деди.
Давутоглу Элдердин демократиялык партиясынын Жизреге кирүүгө аракет кылганы боюнча да «Ушул убакта кайсы делегация болсо дагы Адилеттик жана өнүгүү партиясынан да делегация барса, ал жердеги мамлекеттик тартипке жараша көрүлгөн чараларга баш ийүүгө аргасыз»-деп айтты.
Өкмөт башчы, Түндүк Иракта кургактык операциясы темасында «Керек болгондо кирилет, бирок кеңири масштабдуу операция баштала элек. Керек болгондо куралдуу күчтөрүбүз, атайын бөлүктөрүбүз кирип кайра чыгып турушат. 2008-жылы болгону сыяктуу кеңири мастабдуу операцияга муктаждык болсо ал да башталат» деген серебин салды.
Ахмет Давутоглу, «Имралы менен сүйлөшүүбүздү керек кылган абал жок. Имралы менен өткөндө болгон сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты куралсыздануу эле... 2013-жылы ушул алкакта жасалган сүйлөшүүлөр эле. Ушул убакта мындай бир эрк, ушундай мамиле, ушундай перспектива болбостон сүйлөшүүнүн кажети жок»-деп айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар