Өкмөт башчынын жарыясы

Өкмөт башчы социалдык медиа тармагынан да акыл-эстүүлүккө чакырды.

376798
Өкмөт башчынын жарыясы

Акыркы мезгилдеги террордук кол салуулардан кийин өлкө боюнча каршылык көрсөтүү акциялары уюштурулууда.
Акцияларда кээ-кээде зомбулук кыймылдары да болуп жаткандыктан премьер-министр Ахмет Давутоглу, жооптуу кызматкерлерге мамлекеттик тартиптин корголушу жана медиа мекемелерине кол салууларга каршы керектүү чаралардын дароо көрүлүшү буйругун берди.
Өкмөт башчы социалдык медиа тармагынан да акыл-эстүүлүккө чакырды.
Вандагы шейит жаназа расмисине катышканын эске салган Давутоглу, бир туугандык чакырыгын салып: «Террордун максаты биздин бул бекем туугандык байланышыбызды бузуу, бир туугандардын арасына чок салуу»-деди.
Премьер-министр террорго каршы чыгуулар күч колдонуу кыймылдарына айланганы боюнча «басма сөз мекемелеринен баштап, саясий партиялардын борборлору жана жарандардын мүлктөрүнө зыян тийгизүү кабыл алынгыс» деген сөздөргө орун берилди.
«Эч ким өзүн мыйзамдын ордуна койбошу керек» деген Өкмөт башчы: «Террордун жазасын укуктун алкагында коопсуздук күчтөрүбүз жана сот органдары берет»-деди.
Атуулдарды мамлекетке ишенүүгө чакырган Өкмөт башчы, «Укуктун алкагында жүргүзгөн операцияларды чоң чечкиндүүлүк менен улантып жатканда, бир тууган кагылышуусуна да уруксат бербейбиз» деген маалымат жарыялады.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар