Чоң жыйырмалыктын каржы министрлеринин жыйыны өттү

Кристин Лагард болсо сириялыктарды баш калкалатканы үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.

342965
Чоң жыйырмалыктын каржы министрлеринин жыйыны өттү

Чоң жыйырмалыктын алкагында өткөрүлгөн каржы министрлери жана борбордук банктардын төрагаларынын жыйналышы соңуна чыкты.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Чоң жыйырмалыктын (G20) Экономика министрлери жана борбордук банктарынын төрагаларынын жыйыналышында сүйлөгөн сөзүндө, 2008-жылдагы экономикалык кризистин артынан чоң финансылык, социалдык жана экономикалык проблемалар пайда болгонун, бул проблемалардын артынан көп өлкөдө саясий кризистер болгонун жана улутчулдук кыймылдар жогорулап кеткенин түшүндүрдү.
Давутоглу: «Качкын көчмөндөр темасында Европанын терс мамилеси, экономикалык кризистин психологиялык таасирлери»-деди.
Көчмөндүк маселеси менен адамзат трагедиясы болгонун баса белгилеген вице-премьер Жевдет Йылмаз да көчмөндөргө каалгаларды ачуу темасында жалгыз Түркиянын кылган жардамдары менен калбоо керек экендигин, бул маселеге бүткүл адамзат жардам берүүсү керектигин айтты.
Жевдет Йылмаз көчмөн маселесинин дүйнөнүн өсүүсүнө терс таасир тийгизгенин айтты.
Эл аралык Валюта Фондунун төрайымы Кристин Лагард болсо сириялыктарды баш калкалатканы үчүн Түркияга ыраазычылык билдирди.
Лагард: «Бул ар кимдин санаркоосу жана ар кимдин ортого салышы керек болгон жоопкерчилик. Бир өлкөнүн аймактык жактан жакын болушу жоопкерчиликке ээ болгону түшүнүгүн бербейт. Биз кантип жардам бере турганыбызды карашыбыз керек»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар