Коалиция түзүлө алган жок, эми эмне болот?

Ахмет Давутоглу менен Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели коалиция сүйлөшүүлөрү үчүн кечээ жолукту.

331961
Коалиция түзүлө алган жок, эми эмне болот?

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, премьер-министр Ахмет Давутоглунун Жумурият элдик партиясынан (ЖЭП) кийин Улуттук кыймыл партиясынын (УКП) жетекчиси Девлет Бахчели менен болгон жолугушуусунан да майнап чыккан жок.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу менен Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели коалиция сүйлөшүүлөрү үчүн кечээ жолукту. Орто эсеп менен 2,5 саатка созулган жолугушуудан коалиция чечими чыкпады.
Давутоглу: «Июль айынан баштап боло турган бардык жолдорду сынап чыктым. Өндүрүлсө боло турган бардык формулаларды кесиптештерим менен бөлүшкөнүмө ишенүүдөмүн. Эң акырында Бахчели Адилеттик жана өнүгүү партиясы менен коалиция түзүүнүн мүмкүн эместигин айтты»-деди.
Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели болсо жолугушуу тууралуу баа берүүсүн жазуу түрүндө жарыялады.
Бахчели: «Курала турган шайлоо өкмөтүнө мүчө бербейбиз. Ыктымалдуу шайлоону туура көрбөгөнүбүздү да мурда жарыялаганбыз. Коалициялык өкмөттү куроо үчүн ылайыктуу платформа түзүлгөн жок»-деди.
Улуттук кыймыл партиясынын коалиция өкмөтүнө «жок» деп айтышынан кийин эми эки гана тандоо калды. Биринчи ыктымалдуулук боюнча Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы же Адилеттик жана өнүгүү партиясынын фракциясы Парламентти кезексиз жыйынга чакырып шайлоо чечимин чыгарышы керек. Экинчи ыктымалдуулук боюнча президент Режеп Таййип Эрдогандын өкмөттүн куралышы үчүн конституцияда көрсөтүлгөн 45 күндүк мөөнөт толо турган 23-августтан тарта Конституциянын 116-беренесине ылайык, Түркия Улуу Улуттук Парламентинин төрагасы Исмет Йылмаз менен кеңешип туруп шайлоонун кайрадан өткөрүлүшүнө токтом чыгаруусу турат. Мындай болгон учурда токтом чыккандан кийинки 90 күндөн кийин удаа келүүчү жекшемби күнү Түркия кайра шайлоого барат. Ошентип Түркияда бир жаңы жол да сыналган болот.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар