Коалиция сүйлөшүүлөрү эртең да уланат
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели менен экинчи жолу жолугушат.
329990
Коалициялык өкмөт куроо иштери боюнча эртең Парламентке көңүл бурулат.
Премьер-министр Ахмет Давутоглу Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели менен экинчи жолу Парламентте жолугушат.
Үзүлүп бараткан коалиция үмүттөрү кайра жанабы же багыт мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө бурулабы?
Давутоглу-Бахчели жолугушуусунда ушул суроолорго так жооп табылмакчы.
Алдыдагы жуманын алгачкы жумуш күнүндө эки ысым саат 14:00тө жолугат.
Бахчели оболу премьер-министр Давутоглунун сунушун угат.
Эки лидердин азчылык өкмөтү же шайлоо өкмөтү формулаларына да баа бериши күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719126569)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.