Волкан Бозкыр Европадагы жолугушууларын улантууда

Түркия террор менен күрөшүүсүн Европада түшүндүрүүнү улантууда

327232
Волкан Бозкыр Европадагы жолугушууларын улантууда

Европа Биримдиги министри жана башкы сүйлөшүүчү Волкан Бозкыр Европадан террордук уюмдардын арасында бөлүүчүлүк кылбашы керектигин суранды.
Австриядан кийин Германияда жолугушууларды өткөргөн Волкан Бозкыр акыркы болуп федералдык немис парламентинин тышкы иштер комиссиясынын төрагасы Ноберт Рөттегн менен жолугушту. Жолугушуудан кийин маалымат берген Бозкыр Түркиянын террорго каршы күрөшүндө террордук уюмдар ДЕАШ, ДХКП – Ж жана ПККнын арасында эч бир айырмачылыктын жок экенин айтканын билдирди. Бозкыр : «Германиядан жана батыштан күтүүбүз бул террордук уюмдардын арасында бөлүүчүлүк кылбастан ойлонуулары керек жана Түркияга ушундай жардам берүүгө тийиш»,- деди.
Европа Биримдиги министри Бозкыр Түркиянын террор менен күрөшүндө Европанын колдоосун алуу үчүн баштаган саякатын Англияда улантат.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар