Осмондук аскерлери Австрияда унутулган жок

Австрияда 350 жыл мурда Рааб суусу согушунда шейит болгон осмондук аскерлеринин элесине жаңы эстелик тургузулду

314926
Осмондук аскерлери Австрияда унутулган жок

Премьер – министр Ахмет Давутоглу тышкы иштер министри болуп турган мезгилде берген жолдомосу менен шейиттердин элесине ТИКА тарабынан жасалган эстелик Могерсдорф муниципалитетине тапшырылды.
ТҮМСИАДдын төрагасы Эфраим Өзкан эстеликтин өлкөдө жашаган 300 миң түрк үчүн канчалык маанилүү экенин баса белгилеп : « Бул эстеликтин жасалуу проектиси бизге насип болгону үчүн сыймыктанабыз жана бактылуубуз. Муниципалитеттин төрагасы жана бардык коңшуларыбызга бизге берген жардам жана колдоолору үчүн чын көңүлдөн рахмат айтам»,- деди.
Могерсдорф муниципалитет төрагасы бул проекти менен эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын дагы да күчтөнөрүн айтты. Могерсдорф шаарында 1664 - жылы 1 - август күнү Рааб суусу согушунда кээ бир тарыхчылардын оюна караганда 5 миң, кээ бир тарыхчылардын оюна караганда 15 миң осмондук аскери шейит болгон.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар