Нуман Куртулмуш Крым татар конгрессине катышты

Куртулмуш Түркиянын бул мыйзам тышы аннекцияны кабыл албаганын айтты

310735
Нуман Куртулмуш Крым татар конгрессине катышты

Вице – премьер Нуман Куртулмуш Анкарадагы Дүйнөлүк Крым татарлар конгрессине катышты. «Крым мыйзам тышы жол менен эл аралык укукту жок санап басылып алынууда»,- деген Нуман Куртулмуш Түркиянын бул мыйзам тышы аннекцияны кабыл албаганын айтты.
Куртулмуш Крым тарыхынын кайгынын, сүргүндүн, кысымдын жана зулумчулуктун тарыхы экенин белгиледи. Түркиянын бардык мекемелери менен Крым калкынын муктаждыктарын камсыз кылуу аракетинде экенин айткан Куртулмуш : «Крым калкынын мектептеринин курулушунда, мечиттеринин курулушуна чейин ооруканаларына жана социалдык проектилерине чейин кандай муктаждык бар болсо баарын камсыз кылуу үчүн колубуздан келген жардамды берип жатабыз»,- деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар