Эрдоган террорго байланыштуу сөз сүйлөдү

Эрдоган террорду колдоп жаткан айрым топтордун кандай экендиктери көрүнүп турганын билдирди.

384214
Эрдоган террорго байланыштуу сөз сүйлөдү

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган өз сөзүндө: “ Террор уюмуна таянып, көз караштарын ачык жарыялаган, ПККнын террордук кол салууларына каршы чыкпаган, бардык жасалган кол салууларга баш көтөрбөгөн айрым бир топтор уялышы керек.”-деп айтты.
Эрдоган Шанлыурфадагы террордук кол салууларга байланыштуу билдирүүсүндө Жейланпынар рейонунда ПКК террордук уюму тарабынан эки коопсуздук кызматкеринин зомбулук менен өлтүрүлгөнүн белгиледи.
Президент Эрдоган:”ПКК жана ДЕАШ сыяктуу бардык террордук уюмдарга каршы турган биздин мамлекетибиз, Суручта 32 жараныбыздын жанын алган террордук кол салууларынын жана Жейланпынарда эки коопсуздук кызматкерибизди шейит кылган ПККнын кылган кылыктарын көрмөксөнгө салып, террордук уюмдарды жакшы жагынан көрсөтүүгө аракет жасаган топтордун кандай ниетте болгонун көрсөтүүдө. Терроризм динге, сектага жана улутка ээ болбойт, жырткычтык эч бир шылтоо менен да мыйзам чегинде көрсөтүлбөгөнүнө ишенген сүйүктүү элибиз ар түрдүү террордук уюмдарга кирбеши керектигин билет деген ойдомун»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар