Рамазан майрамы башталды

Президент Р. Т. Эрдоган кээ бир өлкөлөрдүн мамлекет башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Рамазан майрамы менен куттуктады.

381495
Рамазан майрамы башталды

3 күндүк Рамазан майрамы өлкөдө жана бардык ислам ааламында башталды. Майрам бир ай кармалган орозодон кийин майрам намазы менен башталды.
Рамазан майрамы таарынычтардын жазылышы, дос жана туугандарды зыярат кылуу үчүн абдан жакшы мүмкүнчүлүк. Президент Р. Т. Эрдоган кээ бир өлкөлөрдүн мамлекет башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Рамазан майрамы менен куттуктады.
Эрдоган Сауд Арабстандын королу Селман Бин Абдулазиз Ал Сууд, Ирандын президенти Хасан Рухани, Босния – Герцеговинанын мамлекет башчысы кеңешинин бошняк мүчөсү Бакир Иззетбегович, Сомалинин мамлекет башчысы Хасан Шейх Махмуд, Палестианын мамлект башчысы Махмуд Аббас, Тунистин мамлекет башчысы Ел Бажи Каид ес Сибси менен сүйлөштү.
Ирандын мамлекет башчысы Рухани Эрдоган менен сүйлөшүүсүндө атомдук сүйлөшүүлөргө берген колдоосунан улам Түркияга рахмат айтты.
Эрдоган майрамдан улам Хамас саясий бюросунун шефи Халид Мешал жана Тунис Нахда кыймылынын лидери Рашид ел Ганнуши менен да сүйлөштү.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар