Эрдоган партияларды эскертти

Эрдоган Түркия аткарып жаткан чоң долбоорлордун жоюлушуна уруксат бербей турганын билдирди.

380170
Эрдоган партияларды эскертти

Эрдоган Түркиянын маанилүү чечимдерди чыгара турган жана муну күчтүү түрдө ишке ашыра турган коалициялык өкмөткө муктаждыгы болгонун айтты.
Президент: «Конституцияда мага берилген ыйгарым укуктарга ылайыктуу түрдө процессти жеңилдетүү үчүн бардык күчүмдү жумшайм»-деп айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулда Бүткүл өнөр жайчылар жана ишкерлер коому (TÜMSİAD) уюштурган иптар программасына катышты.
Саясий партияларды эскерткен Эрдоган: «Бири-бири менен тирешип жаткан партиялардын коалициясы Түркияга пайда эмей эле зыян келтирет. Ушундай убакыт жана энергия жоготуусуна учуроону улутубуз кечирбейт»-деди.
Эрдоган коалиция сүйлөшүүлөрү убагында дүйнөнүн эң чоң аэропортунун салынышы менен катар Түркиянын чоң долбоорлорун жоюп салуу сыяктуу талкууга да уруксат бербей турганын айтты.
Президент: «Түркиянын чоң долбоорлорун талкууга салуу менен башталган коалиция сүйлөшүүсүнө мен өзүм каршы турамын»-деди.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар