Сирияда АА (Анадолу агенттигинин) кабарчысы жараланды
Халепте өткөн жумада оппозициячылдардын шаардын борборунда режим күчтөрүнө каршы баштаган кол салуудан кийин кагылышуулар күч алган болчу
Сириянын Халеп шаарында кагылышууларды иликтеген Анадолу агенттигинин кабарчысы Салих Лейла жакынындагы бир жерге Асад күчтөрү жасаган ракеталык кол салууда жараланды. Салих Лейла бетинен жана колунан жараланды.
Окуя болгон жерде Салихтин жанындагы эркин журналист жана медиа активистти Абдүлкерим Лейла да жеңил жараланды. Эки журналист да биринчи жардам алуу үчүн көчүп жүрүүчү ооруканага жаткырылды. Журналисттердин абалы жакшы. Жаралуулардын дарылануусун Түркияда улантуусу үчүн керектүү даярдыктар башталды.
Халепте өткөн жумада оппозициячылдардын шаардын борборунда режим күчтөрүнө каршы баштаган кол салуудан кийин кагылышуулар күч алган болчу.
Тектеш кабарлар
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.