Эрдоган Батышты кош стандарттуулук менен сындады

Эрдоган террор менен күрөшүүдө болсо Түркиянын жалгыз калтырылганын да белгилей кетти.

313403
Эрдоган Батышты кош стандарттуулук менен сындады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ислам дүйнөсү татаал мезгилди өткөрүп жатканда батыштын адам укуктары багытында кош стандарттуу мамиле кылганын сындады.
Президент Эрдоган Египеттин соккучул генералдары буйрук берди деп «Аль-Жазира» телеканалынын кабарчысынын Германияда камакка алынганын айыптады.
Ислам дүйнөсүнүн татаал мезгилден өтүп жатканына көңүл бурган президент Эрдоган, бул процессте батыш дүйнөсүнүн жаман сынак берип жатканын айтты.
Эрдоган Германияда миңдеген бөлүүчү террор уюмунун мүчөсүнүн, Түркия тарабынан Германияга документ жана далилдерди берилгенине карабастан ар түрдүү кыймылдарды оңой эле жүргүзө алгандарын, Германиянын болсо муну көрмөксөнгө салганын айтты.
Эрдоган: «Бир тараптан басма сөз эркиндигинен сөз кылышууда, экинчи тараптан да Египеттин генералдары буйрук берди деп Аль-Жазиранын абдан маанилүү серепчисин камакка ала алышат»-деген сөздөр менен Германиянын кош стандартты ишке ашырып жатканын белгиледи.
Президент Эрдоган террор менен күрөшүүдө болсо Түркиянын жалгыз калтырылганын да белгиледи.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар