Чавушоглу Кипрде чечүүчү жолдун табыла аларын белгиледи

Хожа тынчыбаган аймакта өлкөсүнүн демократияда Түркияны модель кылып алганын да баса белгиледи

297618
Чавушоглу  Кипрде чечүүчү жолдун табыла аларын белгиледи

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бул жылдын ичинде Кипрде чечүүчү жолдун табыла аларын айтты. Чавушоглу Измирде менчик бир телекөрсөтүү программасында Кипр сүйлөшүүлөрүнө баа берди. Кипрде ишенимди арттыруучу кадамдардын оң экенин белгилеген Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасы жана Түркиядагы чечкиндүүлүктүн жарымынын рум тарабында болушу жана Грециянын да колдоосу менен бул жылдын ичинде Кипрде чечүүчү жолдун түзүлө аларын баса белгиледи. Чавушоглу Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы жана рум башкаруусунун лидери Никос Анастасиадистин биргелешкен маалыматынын алкагында маанилүү темалардын сүйлөшүлүүсү керектигин да айтты.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар