Эрдоган Босния - Герцеговинада

Эрдоган : "Түркия Босния - Герцеговинага ар тармакта жана үзгүлтүксүз жардам берүүдө чечкиндүү",- деди

283823
Эрдоган Босния - Герцеговинада


Президент Р. Т. Эрдоган Р. Т. Эрдоган Босния - Герцеговинада  өлкөдөгү кичи жана орточо көлөмдөгү ишканаларга жардам берүү үчүн Түркия тарабынан берилген 50 миллион евролук экинчи кредит жолунун таанытылуусу жана биринчи 50 проектиге кол коюу аземине катышты. 

Босния - Герцеговинадагы ырааттуулуктун экономикалык өнүгүүнү жана түздөн түз  чет элдик инвесторлордун өсүүсүн да коштоосунда алып келерин белгилеген Эрдоган өлкөдө жашаган бардык тотпордун биримдик жана тилектештик ичинде орток келечектеринин негизинде аракет кылышарына ишенгенин айтты. 

Босния - Герцеговинанын президенттик кеңешинин төрагасы Младен Иванич да : "Түркиядан суранычыбыз, Босния - Герцеговинанын экономикасына жардам берүүнү улантуусу",- деди. Президент Эрдоган Сараеводо Фонддор башкы директорлугу тарабынан протест кылынган Иса Бей Исакович мончосу менен Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги ТИКА тарабынан рестоврацияланган Хүнкар мечитин кызматка ачты. 


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар