Эрдоган Египеттеги өлүм жазасына каршылык көрсөттү

Эрдоган Батыш өлкөлөрүнө кайрылып, үн катпай тургандыгын сынга алды.

277930
Эрдоган Египеттеги өлүм жазасына каршылык көрсөттү

Эрдоган: «Дүйнөдөгү өлкөлөргө үн салуудамын. Кана сизде өлүм жазасына тыюу салынган эле? Эмне үчүн карап турасыздар!»
Президент Режеп Таййип Эрдоган Египеттин шайланган алгачкы президенти Мурсинин өлүм жазасына тартылышына катуу каршылык көрсөттү.
«Египет мурдагы абалына кайтып баратат»-деп айткан президент Эрдоган Стамбулдагы сөзүндө: «Батыш соккучул Сисиге дагы эле үн катпай турат»-деди.
Эрдоган Египетте элинин 52 пайыздык добушу менен президент болуп шайланган Мурсиге байланыштуу өлүм өкүмү чыгарылганын айтып, Батыш дүйнөсүнүн өлүм жазаларын жоюп жатканына карабастан Египетте өлүм жазасы чыгып жатса да үн катпай турганын белгиледи.
Батыш дүйнөсүнүн соккучул Сиси менен жолугуп колдоо көрсөткөнүнө көңүл бурган Эрдоган, бул абалды түрк калкы токтото турганын баса белгиледи.
Эрдоган андан соң социалдык медиада бул темага байланыштуу көз караштарын бөлүштү.
Президент Европа Биримдигинен баштап бүткүл дүйнө өлкөлөрүнө түрк, англис жана араб тилдеринде твиттерден үн салды.
Эрдоган жиберген твиит менен: «Египетте «Тахрир» аянтында саясий эрктин изине түшкөн миңдеген адамга атылган ар бир ок, бүткүл дүйнөдөгү мыйзамдуу саясатка багытталган. Эгер бүгүн Мурсиге өлүм жазасы берилип жатса, бул урнага берилген өлүм жазасы болуп эсептелет. Европа Биримдиги баштаган дүйнө өлкөлөрүнө үн саламын, кана сизде өлүм жазасына тыюу салынган эле? Эмне үчүн үн катпай турасыздар?»-деген сүйлөм жазды.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар