НАТО жыйыны башталды
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри карала турган темалар тууралуу малымат беришти
![НАТО жыйыны башталды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/10-11/Files/UploadedImages/4423141722natotoplantsbalad.jpg?time=1719137314)
НАТО мүчөсү 28 өлкөнүн тышкы иштер министрлери жана 17 өлкөнүн жогорку мартабалуу өкүлдөрү Антальянын Белек жергесинде жолугушту. Жыйынды ачкан премьер – министр Ахмет Давутоглу Сирия кризисинин чечилүүсүндө кызматташтыктын маанисин баса белгиледи. ДАИШ коркутуусуна да бирге каршы чыгуу керектигин айткан Давтуоглу буга бардык Европа Биримдиги мүчөлөрүнүн киргенин баса белгиледи. Ошол эле учурда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри карала турган темалар тууралуу малымат беришти.
Украина кризиси жана Афганстандагы чечкиндүү колдоо миссиясы темаларынын караларын белгилеген Столтенберг ДАИШ террору менен күрөшүүгө басым жасады. Керри болсо : «Орусия жактоочулары менен Путинди жолугуштурабыз»,- деди. Жыйындын негизинде Ливия, Сирия жана НАТО өлкөлөрүндөгү жалпы террордук маселелердин караларын белгилеген америкалык министр Иран менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн кенен түрдө караларын айты.
Тектеш кабарлар
![Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/d431/4da4/2a0f/665576b9c9569.jpg?time=1719137314)
Түркия Армениянын Палестинаны таануусуна ыраазычылык билдирди
Түркиянын Палестинаны дагы көп өлкөнүн таануусу үчүн аракетин улантат.